Калкан сымал бездин УЗИси: качан жана кимге керек

Калкан сымал бездин ультраүн изилдөөсү.

Калкан сымал бездин УЗИси баштапкы диагностика үчүн да, дарылоонун учурундагы же хирургиялык кийлигишүүдөн кийинки өзгөрүүлөрдү баалоо үчүн да колдонулат. Калкан сымал бездин ультраүн изилдөөсүнөн Ошто MEDXPERT диагностикалык борборунда өтсөңүз болот.

Калкан сымал бездин УЗИси төмөнкү учурларда дайындалат:

  • акыл жана дене активдүүлүгү төмөндөгөндө, солгундук, алсыздык жана тез чарчоо болгондо;
  • маанай кескин өзгөргөндө, ыйлаактык, депрессия, ошондой эле ашыкча дүүлүгүү, агрессивдүүлүк болгондо;
  • уйку бузулганда;
  • салмак себепсиз өзгөргөндө (көбөйгөндө да, азайганда да);
  • жүрөк тез сокконда же жүрөктүн кагышы жайлаганда;
  • артериялык кан басымы жогорулаганда;
  • "бийик жакалуу" свитер кийгенде ыңгайсыздык сезилгенде; моюн көзгө "жоонойгондой" көрүнгөндө;
  • дем алуу кыйындагандай сезилгенде, энтигүүдө;
  • чач түшкөндө, тери кургаганда, көп тердегенде;
  • ич катканда же ич тез-тез келгенде, заара тез-тез келгенде;
  • кыздарда - этек кир циклинин бузулушунда;
  • жакын туугандарында калкан сымал бездин оорулары болгон, тукум куучулук жактан оорлошкон учурда.

Алдын алуу максатында бездин УЗИсин 40 жаштан кийин бардык адамдар жасатышы керек. Мындан тышкары, бул диагностика кош бойлуулукту пландоо баскычындагы аял үчүн милдеттүү изилдөөлөрдүн тизмесине кирет.

Изилдөө жатып жүргүзүлөт. Атайын даярдык талап кылынбайт. Изилдөөнүн убактысы — 15 мүнөт.

Ультраүн диагностикасы дарыгеринин корутундусу изилдөө аяктагандан кийин дароо берилет.

Бул изилдөө ыкмасы коопсуз, оорутпайт жана каршы көрсөтмөлөрү жок. Калкан сымал бездин УЗИсин кош бойлуу аялдарга жана балдарга дайындашат, анткени ультраүн зыянсыз, организмдин ткандарына зыян келтирбейт жана кечиккен кесепеттерди пайда кылбайт.

Бирден-бир чектөө теринин бүтүндүгүнүн бузулушу (күйүк, ачык жара), ошондой эле диагностика жүргүзүлүүчү жерде ириңдүү бөртмөлөрдүн болушу болушу мүмкүн.

MEDXPERT диагностикалык борбору (УЗИ), Ош ш.

Башка макалалар

Бардык макалалар →
WhatsApp'та суроо берүү