Баланы ини же карындашынын төрөлүшүнө кантип даярдоо керек

Үй-бүлөдө дагы бир наристенин пайда болушу – чоң кубаныч. Бирок улуу бала үчүн бул кызганууга жана башы маң болууга себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан ини же карындашынын төрөлүшүнө баланы алдын ала даярдоо керек.

1111

Наристе төрөлгөнгө чейин

  1. Үй-бүлөнүн жаңы мүчөсү качан жарык дүйнөгө келерин балага сөзсүз айтыңыз. «Сегиз айдан кийин» деп айтпаңыз, – бала мындай өлчөмдөрдү түшүнүү кыйын. Болжолдуу төрөлүү убактысын жакынкы окуяга – Жаңы жылга же жаздын келишине байлаңыз. Ошентсе ага түшүнүү оңой болот.

  2. Бала менен жалпы эле кичинекей балдар жөнүндө сүйлөшүңүз. Алар дароо эле чуркап, сүйлөп, футбол ойноп кетпей турганын сөзсүз айтыңыз. Адегенде наристе жөн гана уктап, эмип жана ыйлап турат.

  3. Кичинекей бала кантип өсүп-өнүгөрүн өз сөзүңүз менен айтып бериңиз. Балага анын өзүнүн төрөлүшү жөнүндөгү эскерүүлөр менен, ошондой эле аны кантип күткөнүңүз жана үйгө келишине кантип даярданганыңыз менен бөлүшүңүз.

  4. Балага балдар бөлмөсү үчүн жаңы тушкагаздарды, бешикти, оюнчуктарды жана балдар арабасын өзү тандоого уруксат бериңиз. Ошондо бала аны үй-бүлөнүн чоң жана жооптуу мүчөсү катары кабыл алышарын түшүнөт. Эгерде улуу балаңыздын керебетин жана башка буюмдарын колдонууну пландап жатсаңыз, ага алдын ала жаңы эмерек сатып алыңыз.

  5. Сиз төрөтканада болгондо жана жаңы төрөлгөн наристе менен көбүрөөк алек болуп калганда улуу балага ким жардам берерин чечип алыңыз. Эгерде баланы балдар бакчасына берүүнү пландап жатсаңыз, наристе төрөлөрдөн бир-эки ай мурун аны бул окуяга даярдай баштаңыз.

Наристе төрөлгөндөн кийин

  1. Апа наристе менен төрөтканадан кайтып келгенде ата жана улуу бала үчүн кичинекей майрам уюштуруңуз. Үй-бүлөнүн жаңы мүчөсүнүн пайда болушу кубанычтуу окуя катары кабыл алынышы керек.

  2. Наристе улуу агасынын же эжесинин жашоосун кантип өзгөрткөнүнө көңүл бурбаңыз. Эгерде наристени эмизиш керек болгондуктан адаттагыдай сейилдөөгө чыга албасаңыз – бул наристенин айынан болуп жатат деп айтпаңыз. Ошентип анын агасында же эжесинде үй-бүлөнүн толукталышына нааразы болууга кошумча себептер пайда болбойт.

  3. Улуу балага жаңы «чоңдордун» артыкчылыктарын бериңиз – мисалы, жарым саат кечирээк уктоого жатуу мүмкүнчүлүгүн. Ал эми кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү кийинкиге калтыра туруңуз.

  4. Үйдө стерилдүү тазалыкты жана тынчтыкты түзүүгө аракет кылбаңыз. Эки-үч жаштагы бала өзүн идеалдуу алып жүрө албайт, ал эми наристе үйдөгү үндөргө көнүшү керек.

  5. Эгерде сиз улуу бала менен алек болуп жатсаңыз, ал эми кичүүсү ошол учурда көңүл бурууну талап кылса, иштериңизди ошол замат таштабаңыз. Тун балаңыз анын иштери да апасы үчүн мурдагыдай эле маанилүү экенин билиши керек.

  6. Улуу агасына же эжесине кичүүсүн багуудагы бардык иштерге: жуунтууга, подгузник алмаштырууга, тамактандырууга жана сейилдөөгө сөзсүз катышууга уруксат бериңиз. Наристе үчүн анын көңүл буруусу канчалык маанилүү экенин балага айтып бериңиз. Балдардын ортосундагы мамилени ар тараптан кубаттаңыз.

  7. Телефондогу сүйлөшүүлөрдө жана коноктор менен баарлашууда улуу баланы сөзсүз мактаңыз, ошондой эле «биз» деген сөздү көбүрөөк колдонуңуз: биз сейилдедик, биз жуунттук, биз жасадык. Балдар чоңдордун сүйлөшүүлөрүн кунт коюп угушат жана ата-энеси алар жөнүндө кандай пикирде экени тууралуу жөнөкөй, бирок узакка кетүүчү корутундуларды чыгарышат.

Эң маанилүүсү

Баланы ини же карындашынын төрөлүшүнө алдын ала даярдаңыз. Ага бардык даярдыктарга катышууга уруксат бериңиз жана наристеге көрсөткөн ар кандай көңүлүн кубаттаңыз.

Башка макалалар

Бардык макалалар →
WhatsApp'та суроо берүү