Бөйрөк кан тамырларынын допплерографиясы

Бөйрөк кан тамырларынын допплерографиясы эмне үчүн керек.

Бөйрөк артерияларынын ультраүн допплерографиясы (УЗДГ) – бул кан тамырларды жана алардын иштөө өзгөчөлүктөрүн: диаметрин, түзүлүшүн, алардагы кан агымынын ылдамдыгын текшерүү ыкмасы. Венада же артерияда кандын агымынын ылдамдыгы же багыты кан тамырдын спазмынан, тромбоздон, атеросклеротикалык бляшкалардан, кан тамыр дубалынын тонусун жана ийкемдүүлүгүн жоготушунан жана башка себептерден өзгөрүшү мүмкүн. Бир суткада бөйрөктөр 1700-2000 литр канды чыпкалап, өзү аркылуу өткөрөт, ошондуктан кан тамыр бузулууларын өз убагында аныктоо абдан маанилүү.

Бөйрөк кан тамырларынын УЗДГсы менен эмнелер аныкталат:

Тромбоздон, атеросклеротикалык бляшкалардан, стеноздон жана башка себептерден бөйрөктүн кан менен камсыздалышынын бузулушу.

Бөйрөктүн сезгенүү же башка патологиялары.

Шишиктердин жайгашкан жери жана өзгөчөлүктөрү.

Бөйрөктүн өлчөмдөрү өзгөргөндөгү абалды айырмалоо.

IMG 20140304 1 15

Дарыгер бөйрөк кан тамырларынын допплерографиясын качан дайындашы мүмкүн. Көрсөтмөлөр:

Бел аймагында оору (анын ичинде бөйрөк коликасындагы курч оору) жана ыңгайсыздык боюнча даттануулар.

Буттардын, беттин шишимиги.

Табарсык-заара түтүк рефлюксуна – зааранын бөйрөккө кайра агышына шек болуу.

Курсактын жана белдин жаракаттары – алар кан тамырлардын жабыркашына алып келиши мүмкүн.

Анализдердин жыйынтыгы боюнча заарада белоктун пайда болушу, лейкоциттердин санынын көбөйүшү.

Бөйрөктө шишиктерге шек болуу.

Себеби белгисиз гипертония.

Айрым эндокриндик бузулууларда (кант диабети ж.б.)

Айрым жүрөк-кан тамыр ооруларында.

Бөйрөккө операцияларга, органды трансплантациялоого даярдануу.

Бөйрөк кан тамырларынын допплерографиясын керектүү санда бир нече жолу жүргүзүүгө болот. Бул өзгөрүүлөрдүн динамикасын жана дарылоо чараларынын натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берет.

Допплерография кантип жүргүзүлөт

Бөйрөктөрдү жана алардын кан тамырларын сканерлөө үчүн бейтап даярданышы керек. Текшерилүүчү аймакта ичеги жайгашкан, андагы газдар көрүнүштүн начарлашына алып келиши мүмкүн. Бөйрөк кан тамырларынын допплерографиясы менен бөйрөктүн УЗИсинин сапатын жана маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн процедурага чейин 2-3 күн жеңил диетаны сактоо талап кылынат. Рациондон газдын пайда болушун күчөтүүчү азыктар чыгарылат: чийки жемиштер, жашылчалар, ачытылган капуста, буурчак өсүмдүктөрү, кара нан жана сүт азыктары. Дарыгер энтеросорбенттерди (Активдештирилген көмүр, Эспумизан, Сорбекс же башкаларды) ичүүнү сунушташы мүмкүн. Бөйрөк кан тамырларынын УЗИсин тамак сиңирүү жолуна аба кирүүчү фиброгастроскопия жана колоноскопия сыяктуу текшерүүлөрдөн кийин жүргүзүүгө болбойт.

Допплерография менен бөйрөктүн УЗИси ачкарын жүргүзүлөт. Процедура такыр оорутпайт, 30 мүнөттөн ашык убакытты албайт. Натыйжаларды дарылоочу дарыгер талдайт, алар диагноз коюу үчүн башка текшерүүлөрдүн (мисалы, табарсыктын УЗИсинин маалыматтары менен толукталат.

MEDXPERT диагностикалык борбору (УЗИ), Ош ш.

Башка макалалар

Бардык макалалар →
WhatsApp'та суроо берүү