Жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө

Бишкек, 2022-жылдын 31-марты. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жатын моюнчасынын рагынын комплекстүү алдын алуу жана аны азайтуу алкагында адамдын папиллома вирусуна (АПВ/ВПЧ) каршы эмдөөнү Алдын алуучу эмдөөлөр календарына киргизди. 2022-жылдын сентябрында ВПЧ эмдөөсүн 11 жаштагы өспүрүм кыздардын арасында киргизүү башталышы пландалууда.

ВПЧга каршы вакциналар жатын моюнчасынын рагына каршы күрөшүү үчүн 15 жылдан ашык мурун иштелип чыккан жана азыркы учурда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Борбордук Азия, Кавказ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө кеңири колдонулат.

Жатын моюнчасынын рагы аялдардагы таралышы боюнча үчүнчү орундагы рак түрү болуп саналат жана бүткүл дүйнөдө коомдук саламаттык сактоо үчүн олуттуу көйгөй болуп эсептелет. Жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдардын онкологиялык оорулардан өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат жана жыл сайын 300дөн ашык өлүмгө алып келет. ДСУнун болжолдуу маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат. Бул рак түрү республикада аялдардагы рактын негизги себептеринин арасында 2-орунду ээлейт жана 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдардагы рактын эң көп таралган түрү болуп саналат. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагына чалдыгуу көрсөткүчү 100,000 аялга 20,4 учурду түзөт, бул Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасындагы эң жогорку көрсөткүч жана дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 1,3 эсе жогору.

2018-жылы дүйнөдө 560,000ден ашык аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгып, 300,000ден ашыгы бул оорудан каза болгон.

Аялдарда жатын моюнчасынын рагынын негизги себеби адамдын папиллома вирусу — дүйнөдөгү эң кеңири таралган вирустардын бири. Өнөкөт ВПЧ инфекциясы аялдарда жатын моюнчасынын рагынын өнүгүшүнө, ошондой эле эркектерде да, аялдарда да ооз-жуткунчак рагына, аногениталдык ракка жана башка ооруларга алып келет — деп билдирди КР ССМдин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Акматова А.Б.

Иммундаштыруу боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобу (НТГЭИ) ооруга чалдыгуунун оордугун, ВПЧнын жогорку онкогендүү түрлөрү менен жугузуунун алдын алуу жана өспүрүм кыздарды коргоо үчүн жогорку натыйжалуу жана коопсуз вакциналардын бар экенин, ошондой эле мектептерде эмдөө системасынын жакшы иштеп жатканын эске алып, 11 жаштагы өспүрүм кыздар үчүн ВПЧ эмдөөлөрүн алдын алуучу эмдөөлөр календарына киргизүү боюнча илимий негизделген сунуштарды берди. НТГЭИ ошондой эле киргизүүнүн биринчи жылында 11 жаштагы негизги максаттуу топко кошумча 12-14 жаштагы кыздарды эмдөөнү сунуштады.

ВПЧга каршы эмдөө өспүрүм кыздарды өмүр бою өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу оорудан коргоого жана Кыргыз Республикасында жатын моюнчасынын рагын коомдук саламаттык сактоого коркунуч катары жоюунун Глобалдык максаттарына жетүүгө мүмкүндүк берет.

Биринчи вакциналар колдонууга жактырылган 2006-жылдан бери дүйнө жүзүндө жүздөгөн миллион адам ВПЧ эмдөөлөрүн алышкан. Клиникалык сыноолордун маалыматтары, ошондой эле вакциналар кеңири колдонула баштагандан кийин алардын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалары ВПЧ вакциналарынын жогорку коопсуздугун жана натыйжалуулугун көрсөттү. ВПЧ вакциналарын эртерээк киргизген өлкөлөр эмдөөлөрдүн оң таасири жөнүндө ынанымдуу маалыматтарды алышты: ВПЧ инфекциясынын таралышы 70%дан ашык азайган, ал эми эмделген жаш аялдардын арасында рак алдындагы оорулардын жана жатын моюнчасынын рагынын инвазивдүү формаларынын таралышы вакциналар киргизилгенге чейинки мезгилге салыштырмалуу 2 эседен ашык азайган.

Ушул убакка чейин ВПЧга каршы эмдөөнү жеке клиникаларда же чет өлкөдө гана алууга мүмкүн болчу, жана калк эмдөө үчүн кымбат баа төлөөгө аргасыз болчу. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 2022-жылдын сентябрынан тартып КР ССМ өспүрүм кыздарды ВПЧга каршы республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарында акысыз эмдөөнү пландап жатат.

КР Республикалык иммунопрофилактика борбору.

WhatsApp'та суроо берүү