ISUOG Outreach. Биздин дарыгерлер окууда.
ISUOG - Акушердик жана гинекологиядагы ультраүн диагностикасынын эл аралык коому. Улуу Британия, Лондон.
2024-жылдын 18-22-ноябрында Ош шаарында ISUOG OUTREACH Кыргызстан программасынын экинчи фазасы өттү. Мындай иш-чара КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгилей кетүү маанилүү. Беларусиядан, Украинадан, Россиядан эл аралык тренерлер – белгилүү тажрыйбалуу дарыгерлер жана илимий кызматкерлер, ошондой эле Кыргызстандын аймактык тренерлери жана дарыгерлери келишти.
Программа акушердик жана гинекология тармагында иштеген ультраүн диагностикасы дарыгерлери үчүн АРКР (Кыргыз Республикасынын Радиологдор ассоциациясы) тарабынан ишке ашырылды.



